Баткенде мал уурдаган топ камалды. Арасында аял дагы бар…

Баткен облусунун Кадамжай районунда мал уурулар тобу кармалды. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Үч-Коргон айыл аймагынан бодо малдарды уурдап, союп, этин сатып жүргөн топ кармалды. Алар Кадамжай райондук милиция кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө колго түшкөн.

Кызыл-Кыя шаарынын 27жаштагы П.К. аттуу тургуну жана Ноокат районунун тургуну И.Ш. аттуу 31 жаштагы аял киши, Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы А.Н. аттуу тургуну Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалып, ал эми Үч-Коргон айылынын 27 жаштагы Н.О. аттуу тургуну Бишкек шаарынан аныкталып кармалып келди.

Тергөөнүн жүрүшүндө 3 эркек киши жана 1 аялдан турган бул топ, Үч-Коргон айыл аймагында жасаган жалпысынан 5 фактысы, башкача айтканда 10 баш бодо малды уурдаганы аныкталды.

Шектүүлөр уурдалган малды Кызыл-Кыя шаарындагы ээн талаага алып барышып союп, этин эт саткан дүкөндөргө, ашканаларга өткөрүп жүрүшкөн. Кармалган жарандар учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз