Жангарачева: «Мен музейден кетким келген эмес, кызматкерлердин коопсуздугунан улам жумуштан кеттим»

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт искусство музейинин жетекчиси Мира Жангарачева өзүнүн кызматтан кетүүсү боюнча комментарий берди. Ал жетекчилик кызматтан кетүү тууралуу жазган арызын музейдин жана ал жерде иштеген кызматкерлердин кызыкчылыгын ойлогондугу менен түшүндүрдү.

“Мен кызматкерлерим менен уюштуруучулардын коопсуздугунан корком. Мен өзүмдү күнөөлүмүн деп эсептегендиктен эмес, абалды курчутпаш үчүн арыз жаздым. Уюштуруучулар мага “Жылаңач аял болот, ич кийимдерди илебиз” деп айтышкан эмес. Жылаңач аялды сайттан көрдүм. Ал эми ич кийимдерди биринчи күнү эле алдырганбыз. Мен музейде жетекчи болуп беш ай иштедим” деди, Жангарачева.

fakt.kg



Бөлүшүңүз