Көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматтан кетти

Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачева кызматтан кетти. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

«Сүрөт музейиндеги иш-чара боюнча комиссия түзүлүп, эки күндөн бери ишти иликтешти. Ошондон кийин музейдин директору Жангарачева Мира Камилевна жоопкерчилигин түшүнүп, кызматтан кетүү боюнча арызын жазып берип, мен ага кол койдум, — деди Жаманкулов.

Эскерте кетсек, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде
аялдардын укугун коргоо иретинде жылаңач денесин көрсөткөн кыздар социалдык тармактарда талкууга алынган.

fakt.kg

Бөлүшүңүз