Активисттер Маданият министрлигинин алдына нааразычылык акциясына топтолууга чакырды

Социалдык тармактарга Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде өтүп жаткан сүрөт көргөзмөдө кыздар жылаңачтанган видео тарады.

 Маалыматтарга ылайык, музейде аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырууга арналган көргөзмө ачылган. Анын максаты аялдардын укугун коргоого багытталган. Бирок андан тараган видеого айрымдар нааразы болушууда. Кыргыз эли аялдардын укугун коргоо үчүн мындай жолду тандаган эмес деген пикирлер да бар. Ошол эле учурда музейде жылаңач жүргөн кыздарды «эрктүү» деп колдогондор да бар.

Жарандык активисттер буга байланыштуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдына 2-декабрда топтолуп, каршылык акциясын өткөрүүгө чакырат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз