«Кумтөрдө» иштеген эки киши дайынсыз болууда

«Кумтөр» ишканасында эмгектенген эки кызматкер дайынсыз болууда. Алар кен казуу аймагындагы жер көчкүдөн кийин табылбай калышкан. Бул тууралуу ишкананын өкүлү Марина Гаврилова билдирди.

— Жекшемби күнү эртең менен Кумтөр кениндеги участкалардын биринде жер көчкү жүргөн. Баштапкы маалыматтар боюнча эки киши дайынсыз болууда. Азыр издөө иштери жүрүп жатат. Кошумча маалымат берилет, — деди Гаврилова.

Кумтөр — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Расмий маалымат боюнча, Кумтөр алтын кенинде 4 миңге жакын адам иштейт. Алардын ичинен 2678 кызматкер тоо-кен ишканасы менен түз келишим түзүп иштесе, 1092 адам ортомчу ишканалар аркылуу жумушка орношкон. «Кумтөрдө» иштегендердин баары вахталык тартип менен, башкача айтканда 10-15 күндүк нөөмөт менен иштешет.

fakt.kg

Бөлүшүңүз