Жанар Акаев: “Болочок мугалимдердин стипендиясы эки эсеге көбөйтүлөт”

2020-жылдан тарта болочок мугалимдердин стипендиясы эки эсеге көбөйтүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, педогогикалык багытта билим алган студенттердин стипендиясын көбөйтүү үчүн 2020-жылдын бюджетинде 20 миллион сом каралды.

«Стипендия эки эсеге көбөйөт. Мисалы, мурда 800 сом алган студенттер эми 1 миң 600 сом алышат. Кичине болсо да бул болочок мугалимдер үчүн жардам болсун. Башка тармакта билим алган студенттердин стипендиясын көтөрүү багынтында дагы иштер жүрөт», — дейт депутат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз