Аалы Карашев: “Жок дегенде, картошканы кайра иштетип чыккан, ишкана ачып алалычы”

КСДП парламенттик фракциясынын депутаттары 29-ноябрда болгон фракциянын жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү тууралуу маселени карашты.

Жыйындын жүрүшүндө, депутат Аалы Карашев ар бир ишке реалдуу көз караш менен карап, маселени чечүүгө аракет кылууга чакырды.

“Абанын булганышы боюнча акыркы 2-3 жылда катуу талкуу жүргүзүп келе жатабыз. Жогорку Кенештин трибунасында да бир топ жолу маселени көтөрдүк. Коомчулук да бул маселе боюнча, активдүү талкуу жүргүзүүдө. Тилекке каршы, айтылып эле калып жатат. Жыйынтык болгонун көргөн жокпуз. Күндөн-күнгө таза абага байланыштуу маселе күчөп бара жаткандыгын барыбыз эле көрүп турабыз. Буга чейинки болгон абалдан да начарлап кетти. Азыр кыш жаны башталып, ноябрь айында эле ушунча кирдеди, декабрь айында, январь айында эмне болот? Эмне болот деген эле суроо менен калып жатабыз. Өкмөт мэрияга, мэрия өкмөткө шылтоолоп эле отуруп калдык. Өкмөт комплексттүү иш жүргүзүп жатабы? Жасалган жумуштун жыйынтыгы жок. Электромобиль машинелерине өтөбүз деп жатасынар. 1 млн машинаны электромобилге өткөрүш үчүн, мүмкүн 50-жыл же 20-жыл керектелет. Азыр биринчи жок дегенде, картошканы кайра иштетип чыккан, ишкана ачып алалычы. Реалдуу караш керек да. Жөн эле сүйлөй бергенден маселе чечилбейт. Абал оорлоп бара жатат”, — деди депутат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз