Рыскелди Момбеков: “Дубка укол сайган адамдын өзү “дуб””

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын 29-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин ишмердүүлүгү жөнүндө маселе каралды. Анда депутат Рыскелди Момбеков агенттиктин ишин катуу сынга алып, экологиялык коопсуздук, абанын булгануусуна бөгөт коюу багытында эч кандай иштер жүргүзүлбөй жатканын айтты.

“Бүгүн биз карап жаткан маселе абдан актуалдуу. Мунун мамлекет үчүн мааниси абдан маанилүү. Адам эртең менен турганда биринчи саатты карайт, анан айнекти, айлана-чөйрөнү карайт. Анан барып радиосун күйгүзөт. Музыка же жаңылык укканы. Радиону күйгүзсө айтып жатат “Таңдын таза абасы ден-соолуктун дабасы”- деп. Ал эми кабарчылар какшап жатат, айнекти карасаң кара түтүн каптап жатат. Бул чындыкпы? …чындык. Анан айла жок ойлоносуң ачуу менен жалганды. Бүгүн сиздер баяндама жасадыңыздар айлана-чөйрө жөнүндө. Бирок Иса Шейшенкулович айткандай, мен жарытылуу баяндама уга алган жокмун. Силер бир гана ушул кара түтүн менен эмень жыгачын айттыңар. Кечээ. премьер-министр бюджетти карап жатканда ал дагы  темадан алыстап кетти. Жаңы конуштан келген чаң дейт. Кайдагы чаң, азыр кар басып жатса. Премьер – министр жаңы конуштарга качан барган? Силердин эч даярдыгыңар жок экендиги көрүнүп жатат. Силер   Чаткалда чачылма алтын казгандар, чапчып алып кетип, бак-дарактардын баарын кыйып жатабы?   Бишкектин тегерегиндеги баары таштандылардын көрүстөнү болуп кетти, аны айткан жоксуңар да. Анан айтып жатасыңар, биз баланча акча алабыз, баланча иш кылабыз. Эмне иш кыласыңар? 38 миллион долларды бир жылдан бери тендер өткөрө албай жатасыңар. Уят да! Бишкектеги дубду айттыңар. Эми ошол дубду дарылайбыз деп. Ага мэрия Голландияга барып даары сатып келди 10 миллион сомго. Ошол бакта мен анда санда басып калам, ал жакта акын жазуучулар, академиктер  көп жүрөт эмеспи. Алар каткырып күлүшөт. Эң жөнөкөй нерсе, аны изилдөө керек эмес болчу. Адам деле тамекини көп тарта берсе өпкөсү саргайып кетет го. Биздеги эмень жыгачтардын баардыгынын жалбырактары саргайып кеткени угар газдан. Машинадан эле чыккан угар газ. Анан ушуга академик жалдап, аналитик жалдап, анан акчага жалдаштын кереги бар беле, деп күлүштү. Анткени, Беш-Күнгөйгө барсаң ал жактагы эмень жыгачтары жапжашыл бойдон турат. Шаардын ичи саргайып кеткен. Бул түтүндөн, Бишкек шаары негизи, 100 миң машинага 300миң адамга ылайыкташтырылган. Азыр 1 миллион адам 1 жарым миллион машина. Машинанын кара түтүнүнөн жалбырактар дем ала албай саргайып кеткен. Эми биз баарыбыз окуганбыз да ботаникадан, жалбырактар эмне кылаарын. Алар фильтр да. Анан кантип тазалайт капкара түтүндү. Ошолордун жолун айткыла десе, каяктагы нерселерди айтасыңар. Дубту дарылайм деген киши өзү “дуб” да. Укол сайдыңар, эл күлдү. Академиктер , акын жазуучулар айтышты, адамга эмес, даракка укол сайып калдыңарбы деп.”- деди, Момбеков.

fakt.kg

Бөлүшүңүз