Бизде “ОКУМУШТУУ” өтө эле көп эмеспи?

Билбегендер билип, укпагандар угуп алгыла. Кыргызстанда 1200 илимдин доктору, 5200 илимдин кандидаты бар. Булар жаандан кийин жымыраган козу карындай болуп кайдан чыга келишет эч түшүнө албайсың. Алты миңден ашык илимдүүлөрүбүз болсо деле, мамлекетибиз тышкы карызга батып жатканына түшүнбөйсүң.

(P.S. татыктуу алгандардан башкалары) Болбосо 9 классты бүтүрүп атып фамилиясын жаза албаган окуучусу, университетке бир да жолу барбай бүткөн студенти, өз күчү менен окуп бүтүп “таанышы бар, билими суу кечпеген танкалардан” артпай, жумушсуз калган кадрлары бар өлкөдө мынча “ОКУМУШТУУ” өтө эле көп эмеспи?

fakt.kg

Бөлүшүңүз