Мэриянын «алдап жүрүп» ашмалтайы чыкпаса болду (ВИДЕО)

Кыргыз чиновниктерине мүнөздөмө бер десең бешиктен бели чыга элек баладан баштап, бели бекчейген карысына чейин “калпычылар” деп айтаары турган кеп. Мындан бир жума мурда башталган таз дөңгөлөктүн айынан токтогон автобустар үчүн кечирим сурайбыз. Азыр баардык автобустар байма бай иштеп атат деп, катар тизилген жаңы автобустардын сүрөтүн интернетке коюп мэрия маалымат таратып жатат. Караламан калк ишенгенибиз эле болбосо, баягы адатынча каттамды бир саат күткөнүбүз күткөн дешүүдө. Алдыда дагы кар жаап салганда тизилген автобустарды эмес, суукта козу карындай үшүп  автобус күтүп турган жүргүнчүлөрдү көрбөсөк эле болду.

fakt.kg

Бөлүшүңүз