Министрдин “бахилласы” бүтүп, эми “маскасын” сата баштайт

Бишкекти кара түтүн каптап адамдардын ден соолугуна эбегейсиз зыян келтирип жатканын экологдор да, коомдук жарандар  жакшы эле кыйкырып айтып жатышат. Бир кезде “жашыл шаар” атка конгон борбор шаарыбыздын абалы азыр жан кейитээрлик. Карапайым адамдар “Жаңы жылда фейверк аттырбай эле коёлу, машинени ыксыз айдабайлы” деп маселени чечүүгө реалдуу аракет кылып жатышат. Ал эми, элдин ден-соолугуна кам көрүүнү Бишкек мэриясы медициналык маска кийгиле деген чакырык менен баштады. Бул чоңдордун жаны кейип айтып атканы десек, кай бирлери фармацевт министр Космосбек Чолпонбаевдин Суракматовдун командасы менен кошо жүргүзгөн “бизнес проектиси” деп каңкуулашууда. Андай эмес дейин десең, министр Космосбек Чолпонбаевдин жылдын башындагы “бахилла” бизнес операциясы алигүнчө эсибизде турат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз