Райымбек Матраимов УКМКга суракка чакыртылды

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов күбө катары суракка чакырылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.

Бүгүн, 29-ноябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов күбө катары УКМКга суракка чакырылды. Матраимов журналисттик иликтөөдө жарыяланган баардык жагдайлар боюнча суралат. Учурда аталган сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар боюнча маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында баардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз