Ысык-Көлдүн 147 тургунун алдап кеткен аял кармалды

Якутияда мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн 34 жаштагы М.А аттуу кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган кыргыз жараны Ысык-көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы банктардын биринде иштеп жүргөндө 3 жардын ишенимине кирип, 5 300 000 сом акчасын  алып, из жашырып кеткен.

Мындан сырткары, кармалган жарандын үстүнөн Ысык-Көлдүн 147 тургунунан арыз келип түшкөн.  Баардыгы болуп 38 000 000 сом зыян келтирилген. Жабыркагандардын саны мындан да көп болуусу мүмкүн.

Азыркы учурда М.Аны Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер жүрүүдө. Аталган факты министр Кашкар Жунушалиевдин көзөмөлүндө.

Fakt.kg 

Бөлүшүңүз