Момбеков: «Митингчилердин талаптарын мен толугу менен колдойм»

Кечээ, Бишкекте Ала-Тоо аянтында «#REакция жарандык акциясы» өтүп, анда акциячылар «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген талаптарды коюшту. 

Нааразычылыкка чыккандар бул талаптар аткарылышын бийликтен талап кылышып, бул аракеттерге реакция болбосо, нааразычылык акциясы уланаарын билдиришкен.

Бул митинг эмнеге алып келээрин билүү үчүн FAKT.KG Жогорку кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго кайрылды.

 “Митингчилердин талаптарын мен толугу менен колдойм. Анткени негиздүү талаптар, мыйзамдуу талаптар, элдик талаптар,  алар коррупция боюнча солгундап бараткан күрөштү этегине чыгарышы үчүн эң негизги талаптардын бирин койду. Бийлик буга реакция кылышы керек. Кечээги өкмөттүн реакциясы , бул — реакция эмес. Мен аны көз бойомочулук катары кабыл алам. Анткени, кылмыш иши козголду иликтөөлөр башталды деп. Ал иштерди бул жаштардын митингине чейин эле баштаса болмок. Жаштарды чыгарбай эле, жаштарды айттырбай эле. Ошол иликтөө чыккандан кийин өкмөт  өз алдынча эле  маалымат таратып койсо мынчалыкка жетмек эмес. Анан мени негизги кубандырганы  биздин жаштардын ойгонуп, ойлонуп баштаганы. Мамлекеттин, өздөрүнүн эртеңки келечегине  кайдыгер эмес карап, бийлик менен элдин ортосуна  чоң күч жаратып,  негизги талаптарды койду. Мен буга чейин  эч ким уюштурбаган жаштардын арасында маданияттуу митингди коргон эмесмин. Бир сааттын ичинде өздөрү тарап  кетишти. Менде бир пикир болуп жатат. Айтып жатышпайбы.  жаштар митинг аркылуу эскертүү беришти деп. Бул туура эмес. Алар эскертүү берген жок. Алар сары карточка көргөзүштү. Сары карта бул — жаза. Футболдо эрежени бузган оюнчуга  одоно бузса  сары карточка берет. Экинчи жолу дагы кайталанса оюндан чыгарат. Ал эми биздин митингчилер  биз силерге жаза бердик. Мындайча айтканда биз силерди жоопко тарттык. Экинчисинде бизге реакция кылбасаңар кубалап чыгабыз, кызыл карта беребиз  дегендей талаптарды койушту.

Митингчилер өкмөт тараптан чыкканды талап кылган жок.  Алар бийликке суроону узатты да  талапты койду. Эгер алар чыккан күндө деле  жолду жооп болмок эмес. Биз карайбыз анан иликтейбиз демек болчу.”

fakt.kg

Бөлүшүңүз