Марс Сариев: «Азыркы бийликке кыйын болот»

Кечээ, 25-ноябрда  Бишкектеги Ала-Тоо аянтында «#REакция жарандык акциясы» өтүп, анда акциячылар «Райым камалсын!», «Уурулардын орду түрмөдө!», «Реакция. Реалдуу реформалар жүргүзүлсүн!» деген талаптарды коюшту. 

Нааразычылыкка чыккандар бул талаптар аткарылышын бийликтен талап кылышып, бул аракеттерге реакция болбосо, нааразычылык акциясы уланаарын билдиришкен.

Акция эмнеге алып келээрин билүү үчүн FAKT.KG  саясат таануучу Марс Сариевге кайрылды.

“Штаб жок эле уюшулган митинг бизде биринчи жолу болуп жатат. Шаар тургундардын көпчүлүгү Facebook, Twitter ушул сыяктуу социалдык баракчалар аркылуу  окушуп  эле  митингге чыгышкан. Менин пикирим митингчилер талаптарын туура коюшту. Мен аларды колдойм. Эгер бул талаптарды бийлик жакынкы арада чечпесе анда  азыркы бийликке кыйын болот. Себеби, азыр коррупция Кыргызстанда аябай эле күчөп кетти. Азыр бийлик эл менен  же коррупционерлер менен болот. Азыркы талаптардын аткарылбаса 2020-жылдагы парламенттик шайлоого залалы тийет. Процесс күчөп кетиши мүмкүн. Бийлик коррупцияны өздөрү чечпесе, анда бул иш күчөп кетип  Грузияда, Арменияда, Украинада болгон революциядай  болот. Анда  кишилер интернет аркылуу чыгышып революцияны жасаган да. Ошондуктан бул аябай коркунучтуу”, -деп билдирди Марс Сариев.

fakt.kg

Бөлүшүңүз