Templates by BIGtheme NET

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык фестивалы өтөт. Бул туурасында театрдын адабий-драмалык бөлүмүнүн башчысы Елена Мягкова кабарлады.

Анын айтымында, бул жылы фестиваль атактуу кыргыз бийчиси, СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиевага арналат. Фестивалга Германия, Армения, Орусия, Азербайжан, Ка783C78D4-0826-42DA-9CE0-DAAAE145F516_cx0_cy26_cw0_w987_r1_s_r1закстан жана Кыргызстандын балет өнөрүнүн өкүлдөрү катышат.

Фестиваль 15-майда кыргыз балетинин жылдыздарынын катышуусу менен М.Раухвергердин «Чолпон” спектаклин коюудан башталат. 17-майда болсо балет сүйүүчүлөр Адандын «Жизелин» Александр Спендиарян атындагы Армян улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери Мери Ованнисян жана Рубен Мурадяндын катышуусунда көрө алышат.

19-майда сахнада П. Чайковскийдин «Ак куулар көлү” (“Лебединое озеро») Дрезден мамлекеттик операсынын алдыңкы солисттери Светлана Гилёва менен Эл аралык конкурстардын лауреаты Денис Вегинийдин катышуусунда коюлат. 21-майда өтө турган гала-концертке Германия, Армения, Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Кыргызстандын балет өнөрүнүн өкүлдөрү катышат.

fakt.kg

Тема боюнча:  Бишкек -Ош жолунда мазут ташып бара жаткан унаа оодарылды

Пикир калтыруу

Сиздин электрондук дарек жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар *

*

*

ăn dặm kiểu NhậtResponsive WordPress Themenhà cấp 4 nông thônthời trang trẻ emgiày cao gótshop giày nữdownload wordpress pluginsmẫu biệt thự đẹpepichouseáo sơ mi nữhouse beautiful