Япониянын футболчулары Бишкекте алгачкы машыгууларын өткөрдү

Футбол боюнча Япониянын курамасы Кыргызстанга 11-ноябрга караган түндө учуп келген.

Япониянын футболчулары «Дордой» спорт комплексинде алгачкы машыгуусун өткөрдү.

Эскерте кетсек, Кыргызстан-Япония оюну 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда болот. Беттеш 17:15те башталат.

Оюнга кирүү үчүн билеттерди «Фрунзе» гипермаркеттеринен жана стадиондун кассасынан сатып алса болот.

fakt.kg

Бөлүшүңүз