Бишкекте милиция кызматкерине кол салган жаран кармалды

Бишкекте патрулдук кызматтын кызматкерлери ээнбаштык кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу БЮишкек шаарыны ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 6-ноябрында милицияга “Көлмө” жаңы конушунда үйлөрдүн биринде ызы-чуу болуп жаткандыгы боюнча билдирүү келип түшкөн. Аталган үйдүн жашоочусу мас абалында милиция кызматкерлеринин бирине кол салып, формасын айрып, төш белгисин жулуп алган. Милиция кызматкерлери ээнбаш жаранга мыйзамдын негизинде күч колдонушуп, кармап кетишкен.

fakt.kg

Бөлүшүңүз