Рахмондун жансакчылары Парижде оппозиционерлер менен мушташты (Фото)

Франциянын борбору Париж шаарында Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24” оппозициялык кыймылынын мүчөлөрү менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун жансакчылары мушташты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, окуя 7-ноябрда болгон. Эмомали Рахмон европалык турненин алкагында Швейцариядан Парижге келген. Анда Рахмон Франциядагы ишкер жана инвесторлор менен жолугушкан. Жолугушуу учурунда аталган оппозициялык кыймыл ызы-чуу салышкан. Рахмондун жансакчылары аларды кетүүнү суранганда мушташ чыккан.

fakt.kg

Бөлүшүңүз