Абылгазиев Бишкектеги кафедеги жардыруу боюнча тапшырма берди

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бүгүн Бишкек шаарында кафеде чыккан өрттүн кесепетинен жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы тийиштүү мамлекеттик органдарга жарылуунун жана андан улам Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги тез татым жайынын өрттөнүүсүнүн себептерин тыкыр иликтеп чыгуу тапшырмасын берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев тез татымдын каза болгон кызматкеринин туугандарына жана жакындарына көңүл айтып, жабыркагандарга тез арада сакайып кетүүлөрүн каалады.

Такталган маалыматтар боюнча 13 адам жабыркаган, алардын ичинде 7 бала бар. Жабыркагандардын бири (тез татымдын кызматкери) жеринде каза болду.

Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна алты адам жеткирилди, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

fakt.kg

Бөлүшүңүз