Бишкекте кафеде жарылуу болуп бир адам каза болду

Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварында жайгашкан Антошка тез тамактануучу жайдан чыккан жарылуудан алдын ала алынган маалыматтар боюнча 13 киши жаракат алган.

Алардын үчөө балдар болгон. Аталган тез тамактануучу жайдын бир кызматкери өрт болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жаракат алган үч бала ооруканага жеткирилип, дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин, амбулаториялык дарыланууга жиберилген.

Ар кандай жаракат алган 10 киши Бишкек шаардык ортопедия жана травмотология илимий-изилдөө борборуна жеткирилген.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз