Камчыбек Ташиев: «Эми сазайңарды берем!»

Саясатчы Камчыбек Ташиев “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Бактыбек Райымкуловго жооп берди.

«Урматтуу депутат ЖК Райымкулов!
Сиздин «Ата Журт» партиясы боюнча берген интервьюнузга жооп жазып коеюн.»Республика-Ата Журт» партиясына илешип жүрүп депутат болгонсуз,өзуңузчө боло элексиз,болушуңузга күмөн да санаймын,а биздин»Ата Журт»партиясы боюнча ооз ачканга моралдык укугуңуз жок,ушул партия бар үчүн парламентте олтурдуңуз. 
Ал эми «бироолорго бир аз кошоматчылык кылсам эле дагын депутат болом «деп жүрөүзбү,саткындарды ,эки жүздүүөрдү,бийлик учун жанын сатканга даяр болгондорду элибиз да билип ,түшүнүп эле турат.Так,что сиздин да депутат болушунузга чоон кумонум бар,сизди кайсыл партия катарына кошсо да өтө чоң жанылышат жана менин саясий каршылашым болот.Ошондуктан кыргыз элимде айтылган сөз бар»ойноп суйлөсөн да ойлоп сүйлө» деген.Мындан ары күтө бериниз,мен саясаттан кеткен жокмун,эми сазайңарды берем!»,-деп билдирди Камчыбек Ташиев.

Буга чейин Бактыбек Райымкулов “Азия ньюс” гезитине шайлоо боюнча берген маегинде,  “Республикада” бир аз мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеп, ал эми “Ата Журт” тууралуу эч нерсе “айта албасын” билдирген. 

fakt.kg

Бөлүшүңүз