Япония менен боло турчу оюнга билеттер сатыла баштады

Футбол федерациясы Япония менен Кыргызстан командаларынын беттешине билеттерди сатыкка чыгара баштады. Оюнга билеттер 7-ноябрдан тарта сатыла баштайт.

Бүткүл дүйнөлүк футбол уюму (ФИФА) Кыргызстан менен Мьянма командаларынын беттешинде оюн талаасында күйөрмандын тартип бузгандыгы тууралуу маселени кароону белгисиз мөөнөткө жылдырды.

Бул тууралуу Кыргызстандын футбол федерациясы кабарлады. ФИФАнын тартип комитетинин 4-ноябрга белгиленген жыйыны өткөн эмес.

fakt.kg

Бөлүшүңүз