“Райым миллион” менен Шаке биригип шайлоого барат…

2020-жылы боло турган Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо жакындаган сайын, саясатчылардын арасында бир-бири менен биригүү боюнча имиштер тарап жатат. Же партияларын бириктирип шайлоого аттанганы жатышат.

Коомчулуктун көңүлүн буруш үчүн ар кандай имиштерди кызыктар тарап өздөрүнүн ыңгайына карап таратып келет.

 Атамбаевдин заманында “Мекеним Кыргызстан” партиясы жаңы эле түзүлүп, жергиликтүү кеңештерди шайлоодо ийгиликке жетишкен. Бул ийгиликтердин артында Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен “Шопур” атка конгон Икрамжан Илмянов турат деп келишкен. Ал эми келээрки шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясын “Раим миллион” аткан конгон Райымбек Матраимов көзөмөл кылат деген имиштер тарады. “Райым миллион” бул шайлоого жалгыз эмес, болгондо да “Кыргызстанда эки Президент болсо, бирөөсү менмин” деп партиянын курултайында айткан “Кыргызстан” партиясынын кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов экөө биригип  шайлоого бара турган болушуптур. Эгерде экөө биригип шайлоого барса, анда “Биримдик” партиясы менен бириктирип барам деген Төрөбай Зулпукаровдун абал кандай болот экен…

fakt.kg

Бөлүшүңүз