Кыргызстанда 3 күндө бир мекемеден 2 кызматкер каза болду

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында дагы бир аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2000- жылы туулган Кадамжай районунун тургуну К.К өзүн жаман сезип, кулап калган. Дарыгерлер аны куткара албай калышкан. Алдын ала маалымат боюнча маркум аскердин жүрөгү ооруп, каза болгон.

Эскерте кетсек,  3-ноябрда дагы №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан жоокер электр тогуна урунуп каза болгон.

fakt.kg

Бөлүшүңүз