КСДПнын мүчөсүн кафеде отурган жеринен кармап кетишти

КСДПнын жаштар канатынын мүчөсү Бакыт Абдыкеримовду УКМКнын кызматкерлери кармап кетишти. Бул тууралуу аталган партиянын мүчөсү Кундуз Ажыбекова Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Бакыт Абдыкеримовду кафеде отурган жерден кармап кетишкен. Ал 7-август күнү Кой-Таш окуяларында жаракат алган. УКМК кызматкерлери анын эмне себептен кармалганын түшүндүрүшкөн жок.

Cүрөт интернеттен алынды.

fakt.kg

Бөлүшүңүз