Күрп-Сай ГЭСине Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылды

Мамлекеттик жана саясий ишмер Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиевдин ысымы Күрп-Сай ГЭСине ыйгарылды. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин оңдоо иштери менен таанышуу учурунда, Күрп-Сай ГЭСине мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин ысмын ыйгаруу идеясын колдой турганын билдирген. Ал Турдакун Усубалиевдин Күрп-Сай ГЭСинин курулушуна кошкон салымы баа жеткис экенин айткан.

fakt.kg

Бөлүшүңүз