ИИМ ЖМКнын өкүлдөрүн кесиптик майрамдары менен куттуктады

5-ноябрда Кыргыз Республикасынын ИИМде Кыргыз Республикасынын Маалымат жана басма сөз күнүнө арналган салтанаттык иш-чара өттү. Ички иштер органдары менен тыгыз кызматташкандыгы жана ишмердүүлүгүн  калыс чагылдырууда зор салымын кошкондугу үчүн, ошондой эле Маалымат жана басма сөз күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, 
милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев жалпыга маалымдоо каражаттарынын 90 ашык өкүлүнө «Кыргыз милициясына 95 жыл» юбилейлик медалдарын, Ардак грамоталарды, түзүмдүк медалдарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Куттуктоо сөзүндө ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев басма сөз менен ички иштер органдарынын кызматташуусу профессионалдуу, жана бир максаттуу болуп, күндөн-күнгө бекемделип жаткандыгын баса белгиледи.
Сиздердин аракетиңиздер менен гана Кыргыз Республикасынын ИИМи коом үчүн ачык-айкындуулукту камсыздай алды. Бул тездик менен болбосо дагы, коомдун аң-сезиминде криминалдык көрүнүштөргө каршы туруу калыптанып жаткандыгын көрүүгө болот. Телевидениеде, мезгилдүү басма сөз каражаттарынын жана көркөм адибий китептердин беттеринде жарандарды коргоп, жардамга муктаж болгондорго ар убак көмөк көрсөтүүгө даяр болгон 
милиция кызматкерлеринин элестери жанданууда.
Биз баардыгыбыз, биргеликте көптөгөн иштерди жазашыбыз керек. Келечекте биз кылып жаткан аракеттер уланаарына жана маанилүү болооруна ишенем. 
Биздин жалпы тапшырмабыз болуп, ИИОну реформалоо, ИИМдин, ИИББдин-ИИБдин борбордук аппараттарын оптимизациялоо, регионалдык милиция кызматкерлерин өнүктүрүү, «Бирдиктүү терезени» өлкөнүн бардык аймагында ачуу, Командалык борборду түзүү жана өнүктүрүү, милициянын патрулдук кызматын өнүктүрүү жана бекемдөө, терроризмге жана экстремизмге, уюшкан жана улуттар аралык кылмыштуулукка, баңгибизнесине каршы туруу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын коопсуздугун жана бейпилдигин камсыздоо, эң башкысы калктын ички иштер органдарына болгон ишенимдерин кайтаруу эсептелинет.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин жалпы жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман кесипкөйлүүлүгүңөр, жарандык позицияңар, күжүрмөн эмгегиңер жана жоопкерчилигиңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдиргим келет. Журналисттер күнүн жалпы элдик майрам десем жаңылышпайм, анткени азыркы коомду 
маалыматсыз, аны берүүнүн каражаттарсыз, окуяга жана биздин жашоодо болуп жаткан фактыларга профессионалдуулук менен көз чаптыруусу жок эслестетүү кыйын. Майрамыңыздардын алдында журналисттерге окуяны чагылдырууда ар тараптуулукту, калыстыкты, андан сырткары чыгармачылыгыңыздарда жаңы идеяларды кааламакчымын. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин атынан жана ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан мындан аркы професионалдык ийгиликтерди, бекем ден соолукту жана ийгиликтерди каалайм! «Биз, Сиздерге көптөгөн жакшы жаңылыктарды, кызыктуу темаларды жана 
жаркын каармандарды каалайбыз. Ар бир каалаган ой тилектериңиздер орундалып, ал эми баардык пландарыңыздар ишке ашсын! Сиздерге бекем ден-соолук, профессионалдык ийгилик жана бакыт-таалай кааламакчымын!»,-деп Кашкар Джунушалиев белгиледи.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин атынан жана ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан мындан аркы професионалдык ийгиликтерди, бекем ден соолукту жана ийгиликтерди каалайм!

fakt.kg

Бөлүшүңүз