Журналист кызга «Иди отсюда» деген депутаттын өмүр баяны

Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаевдин токтоосуз мандатын тапшырышын талап кылган флешмоб уюштуруу демилгеси көтөрүлдү. Бул тууралуу жарандык активист Мелис Аспеков фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды. Депутат журналист кыздын суроосуна “Иди отсюда!” деп жооп берген.

ТУРСУНБАЕВ Азизбек Атакозуевичдин өмүр баянынын сунуштайбыз.

1966-жылдын 3-майында Ош облусунун Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айлында туулган.

Жогорку билимдүү. 1994-жылы Кыргыз медициналык институтунун стоматологиялык факультетин аяктаган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Юридикалык факультетин бүтүргөн. 1994-1995-жылдары Ош областтык стоматологиялык поликлиникасында интернатурада окуган.

Эмгек жолун 1983-жылы Ала-Бука районунун «Бирлик» совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.

1995-1999-жылдары – жеке ишкер;

2000-2003-жылдары Панфилов районунун Кайыңды шаарчасынын «Шекер-Ордо» ЖЧКнын соода-сатык иштери боюнча башчысы;

2003-2005-жылдары «Ошкрастекст» ЖЧКнын Бишкек филиалынын директорунун орун басары, директор;

2005-2007-жылдары III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган.

2007-жылы IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган. 2007-жылы Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болгон.

2011-жылы Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болгон.

Үй бүлөлүү, төрт баланын атасы.

Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси. 

fakt.kg

Бөлүшүңүз