Султанбек Жоошбаев: «Менин жолумду жолдоп, балдарым милиция кызматкери болду»

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата….

Жаша жигит жашаганга жараша, Өрт болуп күй жүрөк сокпой калганча. Жигит үчүн жашоо деген күрөшүү, Аз жыгылып, көптү жыккан балбанча! -дегендей Султанбек аганын бүт өмүрү күрөш менен келе жатат. Оюнга канбаган балалык кезинде, өрттөй алоолонгон жаш кезинде, күч кубатка толуп, офицер болуп баралына келген кезде да күрөшкөн, дагы деле күрөш, кармаш бүтпөй келет. Балалык курагы согуштан кийинки катаал мезгилге туш келип, турмуштун ысык, суугуна жашынан бышык өстү. Балалыгы жөнүндө Султанбек байке минтип эскерет: “Чөп чабуу убагы келгенде чийне тартуу керек болуп калды. Мен Табылганбек деген тууганыбыздын бээсин жайдак минип алып чийне тартам. Мени менен кошо Кожогулдун уулу Муктарбек туугандары Бексултандын ээр токулган аты менен чийне тартып жүрдү. Экөөбүз атаандашып, ким биринчи чыдабай кетип айылга качат деп ысыкка да, 12-15 саатка созулган ишке да чыдап жүрдүк. Бирок күндөрдүн биринде жайдак ат өйкөп олтуруп шымым тешилип калган экен”-Көрсө бул чыдамкайлыктын чоң мектеби болгон экен. “Ошол эле жылдары айыл четиндеги мүрзөлөрдүн арасына чөп жакшы чыгып атам барып чаап кел деп тапшырма берди. Мен чынымды айтым: Ата, мен мүрзөлөрдөн корком,- деп. Атам: Ээ балам, арбактардын зыяны жок, тирүүлөрдөн коркуу керек,- деп өзүээрчитип барып, бир топко жанымда турду. Мен кызып чөп чаап калган кезде: «Мына жигит болуп калган турбайсыңбы» -деп коюп кетип калды. Атамдын мактоосу дем берип, кечке коркпой мүрзөнү аралап чөп чаптым.”- Көрсө бул кайраттуулуктун чоң мектеби болгон экен. “Бир күнү балдар мага келишип киного баралы деп калышты. Бирок барып бээни аркандап кел дешип мени ата-энем жибербей койду. Балдар киного кетишип, мен болсо бээни аркандап келип жатып алдым. Эртеси күнүтуруп эле бээни таппай калдык. Аркандалган казыгы суурулуп, жылкыны кимдир-бирөө минип кеткендей. Кинодон келе жаткан балдар көргөн экен: айылдагы мындайраак тууганыбыз минип бараткан дешти. Ошо менен бээбиз табылбай калды. Ичимдин күйгөнү, ууруга кыжырымдын келгени ушунчалык болду дейсиз, ошондон ушул күнгө ууруларды жинимдей жек көрөм”- Көрсө бул окуя кылмышкерлер, уурулар менен күрөшкө өмүрүн арноонун себеби болгон экен. Ал күрөш 1972-жылы башталган. Андан бери кандай гана окуялар болгон жок. Турмуш кандай кана сыноолордон өткөрбөдү. Алгач милицияда кызмат кылды, кийинчерээк Улуттук коопсуздук кызматында да иштеди. Кийин ИИМдин алдындагы Ички аскерлердин кол башчысынын орун басары болуп эмгектенди. Султанбек байке кайда, кандай иште эмгектенбесин, ар дайым ишке тыкан, өз милдетине абдан жоопкерчиликтүү мамиле кылганы менен башкалардан айырмаланып турган. Султанбек байке 1980-жылы Кочкор РИИБден которулуп Нарын шаарынын ИИБына кылмышкерди кармоо бөлүмчөсүндө ага тескөөчү болуп келип калды. Кызматтык милдети кылмыш жасап качып кетип, издөөдө жүргөндөрдү табуу эле. Караса анын бөлүмүндө мына ошол кылмыш жасап качып жүргөндөр бар экен. Бири Нарын шаарынан кыз зордуктап качып кеткен, бүткүл союздук издөөдө жүргөн кылмышкер, экинчиси уурулугу үчүн жергиликтүү издөөдөгү дунган жигити экенин көрүп таң калды. Эмне үчүн ачылган эмес? Эмне үчүн бул кылмышкерлер эркиндикте жүрүшөт? Ал мурда иштеп келген Кочкор РИИБде качып жүргөндөр издөөдө жок болчу. Себеби качкан кылмышкерлердин баскан изине чөп салып, күнү-түнү кубалап жүрүп кармап келишчү. Качкындар бар болсо Султанбек байкеде уйку жок болор эле. Бул жерде болсо качкындар бирөө эмес, экөө болсо да, алардын ишин эч ким колго албаганы көрүнүп турду. Султанбек байке адатынча жеңин түрүнүп, шымаланып ишке киришти. Биринчи кезекте кылмышкерлерге ачылган кылмыш кагаздары менен таанышып, анан алар боюнча өзүнүн иш планын түзүп, жетекчилерге кол койдуруп алды. Андан соң Бүткүл союздук издөөдөгү кыз зордуктап качкан Акматов Эмилдин Нарын шаарында жашаган ата-энелери менен таанышып, аларга ар кандай чаташтырма суроолорду берип жатып, Фрунзе шаарында жакын туугандары бар экенин билип алды. Өзүнүн менчик авто унаасын айдап түнү менен шаарга кирип келди. Улам бирин текшерип Эмилдин шаардагы туугандарын кыдырып бүткөндө, анын Сокулук кыштагында да тууганы бар экенин аныкталды. Ар бир даректи кылдат текшерип жүрүп олтуруп, акыры Сокулук районунун Фрунзе совхозунда жашаган эжесинин үйүнө келди. Кошуналарынан сураштырса эжеси сиңдиси менен экөө эле жашай турганын жана кээде бир тууган иниси келип кетээрин айтышты. Эжесинин үйүнө киргенде көзүнө кире бериштеги эркек кишилердин эки бут кийими көзгө урунду. Үйдө кечээ эле Нарында жолугуп сүйлөшкөн Эмилдин атасы отурганын көрүп, дароо түшүндү: кылмышкер ушул үйдө! Болбосо атасы түнүменен жетип келмек эмес. Аны балкондо жыйылган көр жердин арасынан сууруп чыгып, жетелеп барып унаага олтургузду. Эмилди 1-май ИИБнын убактылуу кармоочу жайына тапшырып коюп, экинчи кылмышкердин изине түштү. Анын атасын Милянфан айылынан таап, туугандарын сурамжылап олтуруп качкындын Токмок шаарында иштеп жүргөнүн жана жашап жаткан дарегин билди. Токмоктон аны табыш анча деле кыйындыкка турган жок. Ушул жерден баса белгилеп айта кете турган нерсе: ошол өзүкармаган кылмышкерлерди Фрунзеден Нарынга өзүнүн машинеси менен жалгыз алып кеткени. Тигил экөөнүн колдорун өздөрүнүн куру менен байлап, анан машинесине олтургузуп алып Нарынга жеткирген экен. Олда алабарман жаштык ай! Эки кылмышкерди астына салып, айдап кирип барганда ИИБнын башчысынын оперативдик иштер боюнча орун басары Токтожума Жээналиевдин эки көзүалайып чочуп кеткен. Өз өмүрүн тобокелге салганы үчүн жемелеген: “Колдорун бошотуп алып, экөөлөп кол салса эмне болот эле?!”- деген. Ал эми Нарын ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги В.Бондаренко тайманбас кызматкерин кучактап: «Сендей кызматкерлер көп болсо бир да кылмышкер эч жакка кача албайт эле»,- деп ыраазычылыгын билдирип, бир айлык маянасынын өлчөмүндө акчалай сыйлык жана үч күндүк эс алуу берген. Ошентип 1973-жылдан 1981- жылга чейин Кочкордо, Нарында жакшы иштеп, нарындыктардын, кочкорлуктардын өз уулундай болуп, сый-урматка татып калганда жетекчилик 1981 -жылы Чүйгө которулду. Чүй ОИИБнын Аламүдүн РИИБде катардагы тескөөчүдөн ушул милиция бөлүмүнүн жетекчилигине чейин кызматтан кызматка көтөрүлүп,өзүнүн жетекчилик жөндөмүн көргөзө алды. Султанбек байке талапты катуу коё билген, ошону менен эле бирге кол алдындагыларга калыс, адилет жана камкор жетекчи катары кепке сөзгө алынды. Бул аймактын эли анын так ишине, тартипти сактоодо сиңирген эмгегине ыраазы болушуп эки ирет райондук кеңештин депутаттыгына шайлап алышкан. Кийин ардактуу эс алууга кеткенде ага Аламүдүн районунун “Лебединовка айыл аймагынын ардактуу атуулу”- деген наам беришкен. Султанбек байкени элдин сыйлап “Ардактуу атуул”- деген наамды бериши бекеринен эмес. Ал Аламүдүн районуна мектеп салдырып берген.Ошол мектеп азыр: “Султан Жоошбаев атындагы мектеп” делип аталат. Андан тышкары байкебиз мечит, жол салдырган адам. ИИМдин жетекчилиги да анын жетекчилик жөндөмүн баалап, аны Чүй ОИИБнын башчысынын орун басарлыгына чейин көтөргөн. Кийин ал УККда өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыктын башчысы болуп иштеп, андан ИИМдин Ички аскерлеринин кол башчысынын орун басары болуп которулуп барып, ушул кызматтан 2004-жылы ардактуу эс алууга кеткен.

Деги эле жасаган эмгек, кылган жакшылык жерде калбасы чындык экен го. Ардактуу эс алууга чыкканы Султанбек байке эми колум бошоду деп жатып алган жок. Ал 2004-жылдан 20013-жылга чейин ИИМдин музейин жетектеп, бул тарыхий музейдин далай ишин бүтүрүп, бутуна тургузган. 2013-жылдан ушул күнгө чейин ИИМдин Ардагерлер кеңешин жетектеп, карылыкка каршы кармашып, ардагерлердин жакшы жашоосу үчүн, жакшы турмушу үчүн күрөшүп келет. Мына кечээ жакында эле, министр Кашкар Джунушалиев менен биргеликте Кыргызстандагы ИИМдин бардык ИИБдерин кыдырып, ардагерлердин турмуш шарты, жашоо абалы менен таанышып келди. Быйылкы жылдын 21-мартында Жайыл райондук аксакалдар кеңеши ага ардагерлердин турмушуна активдүү көмөк көргөзгөнү үчүн “Жайыл районунун ардактуу аксакалы” деген наамды ыйгарышты. Ошентип ардактуу аксакалыбыз, Улуттук коопсуздук кызматынын, милициянын ардактуу полковниги Султанбек Жоошбаев агабыз 10-июнда 70 жашка чыгып мааракесин белгиледи. Аны ушул ардактуу мааракеси менен чын дилинен куттуктап ИИМдин министри, генерал-майор Кашкар Джунушалиев Бакай калпак кийгизип, апакай кийиз чапан жапты. Султанбек байкени бүгүнкү күнгө чейин ардактуу жаш курагы менен ИИМдин ардагерлери чын дилден куттуктап жатышат. Кечээ эле Чүй ОИИБнын ардагерлери куттуктап, башына ак калпак кийгизип, астына туйлаган жорго мингизип кетишсе, бүгүн ИИМдин Ардагерлер кеңешинин жайкалган аксакалдары келип, туурасына кулач жетпеген телевизор белек кылып, куттуктап кетишти. Бирок дайыма иш үстүндө, дайыма кайсыдыр бир маселени чечип чуркап жүргөн бул адам 50дөгүдөй демдүү, 50дөгүдөй жигердүү. Ошондон улам: “70 деген аз эле, байкебиз дале жаш эле” деп мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, чың ден-соолук, узун өмүр каалап, ушундай демин, ушундай жигерин дагы 70 жыл сакташына тилектештигибизди билдиребиз.

Үсөнбек Дайырбеков

Бөлүшүңүз