Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Муз айылында 2019-жылдын 14-сентябрында адамдын жансыз денеси табылган. Ал Нарын районунун Орто-Нура айылынын тургуну Муканбетов Токторбай экендиги аныкталган. Ат Башы райондук соту шектүүнү үй камагына чыгарган. Соттун чечимине каршы болгон нааразы болгон маркумдун туугандары FAKT.KG кайрылган. Маркум үй-бүлөсү менен 2017-жылдан бери Бакыт Асанбек уулунун малдарын багып келген. Маркум багып жүргөн жылкылардын бири өлүп калгандыктан, малдын ээси “Төлөп бересиң” деп ызы-чуу салган. Иштин чоо жайын маркумдун жубайы Азима Исабекова айтып бергенин faktkg ютуб каналыбыздан көрсөңүздөр болот.

fakt.kg

Бөлүшүңүз