Кара-Көлдө 17 жашар өгөй кызын зордуктаган жаран кармалды

Кара-Көл шаарынын тургуну өгөй кызын зордуктоого шектүү делип кармалды. Бул маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма маалымат кызматы Fakt.kgге билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-октябрда  Кара-Көл шаарынын тургуну  О.Н.арыз менен кайрылып, анда 2002-ж.т. кызын экинчи күйөөсү 1970-ж.т. Б.О.зордуктап койгондугун билдирген. Бул факты боюнча мат.топтолуп КЖБРге Зордуктоо болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынган.

fakt.kg

Бөлүшүңүз