Данияр Рыскулов: “Атамдын жолун улап, милиция кызматкери болдум”

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата…

Нарын ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Данияр Рыскулов өзү табигатынан тынчтыкты сүйгөн, баардык маселени тынчтык жолу менен чечкенди жактырган адам болсо да тагдыр кылмышкерлерди кармоо, оор жана өтө оор кылмыштарды ачууга буюрган экен. Мындай адамдар менен көптөгөн жылдар бою иштеген адам жүрө жүрө өзү да  орой, кырс мүнөз күтүп, аз күлүп, көп иштеген адамга айланат деп коюшат. Бирок биздин байкашыбызча Данияр Рыскулов өзүнүн адамдарга болгон мээримин жоготпогон, күлкүсү жүзүнөн кетпеген, адамгерчиликтүү мүнөзүнөн тайбаган, ошонусу менен бирге эле мыйзамдуулукту катуу талап кылган принципиалдуу офицер.

Данияр Рыскулов 1978-жылы 16-февралда төрөлгөн. 1995-жылы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Эргеш Алиев атындагы академиясында билим алып баштап, аны артыкчылык диплом менен бүтүргөн. Андан кийин 2000-2001-жылдары Октябрь РИИБдин тергөөчүсү болуп иштеген. Кийин ИИМдин Уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгында эмгектенип, 2002-жылы оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча ыкчам кызматкер болуп дайындалган. 2010-жылы Уюшулган кылмыштуулук менен күрөшүү башкы башкармалыгынын Бишкек шаарындагы кылмыштуулук жана каракчылык менен күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Андан кийин Ленин РИИБдин №3 шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы, Панфилов РИИБдин башчысы, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча бөлүмүнүн башчысы болуп үзүрлүү эмгектенген.

Басып өткөн эмгек жолу жөнүндө ал минтип эскерет:

«Алгач окууну бүтүп, жаш кызматкер болуп иштеп баштаганда улуу агаларым өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мага көп ыкмаларды үйрөтүштү. Оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачууда күн-түн дебей иштеп жүрдүк. Айрым учурда убактыбыздын көбү жумушка кетип, үйгө бир-эки саатка кийим алмаштырууга келчүбүз. Кээде бир-эки күн үйгө келбей калган учурларыбыз болду.

Эмнегедир  ошол жылдары кылмыштуулук көбөйдүбү же биздин кызматкерлер азыраак беле иши кылып ар бир бөлүмдө кылмыш иштери көп эле. Андыктан эс алууну билбей иштеп жүрдүк. Мисалы 2003-жылы Свердлов районунда оор кылмыштын бетин ачтык. “Барби” деген селсаяк аялдын башын таш менен бастырып өлтүрүп кетишиптир. Бул окуя мындай болгон экен. Аталган аял үй-жайсыз жүргөн эркек кишилер менен бирге спирт ичимдигин ичет. Ичкиликке оолуккан, чогуу арак ичишип олтурган эркек кишилер “Барбини” зордуктоого аракет кылып, ур-токмокко алып башташат. Жанталашып каршылык көрсөткөн алсыз аялдысабай беришип, чала жан болуп калганда башына ташты бастырып салышат. “Барбинин” жансыз денеси табылаары менен ишке киришип, ыкчам жасалган аракеттердин аркасында бул кылмышка катышкандарды тез эле таап алдык. Мас немелер артында толгон далил буюмдарды калтырып кетишкен экен. Бат эле кылмыштарын моюндарына алып олтуруп беришти.

Дагы бир мисал, 2006-жылы бир эркек кишини өлтүрүп, мүрзөлөрдүн арасына таштап кетишиптир. Маркумдун жансыз денеси бир жумадан ашык жатып калган экен. Анын өздүгүн тактагандан кийин ал иштеген Бишкек шаарындагы чоң ресторанга бардык. Сураштыра келгенде эле ал жерде иштегендер бир нерсени жашырып жатышканын байкадык. Кайчы сурак, жекеме жеке сурак ыкмаларын колдонуп жатып кылмыш болгон күндөгү окуяны толугу менен билип алдык. Ал жерде окуя мындай болгон экен. Денеси  табылган киши ушул ресторанда иштегени анык болду. Кырсыктуу окуя болгон күнү кожоюндары менен бирге ичип отуруп, ортодон чыр чыккан. Ошондо ресторандын кожоюнунун иниси жана 3 кызматкери аларга каршы сүйлөгөн тиги шордууну арматура менен чала жан кылып ур-токмокко алып, анан унаанын багажына салып алып кетишиптир. Эң  өкүнүчтүүсү ошол жерде иштеген башка жумушчулар өздөрү менен чогуу иштешкен адамды арачалап алганга, жок дегенде милиция чакырып койгонго жарашпай,  жалдырап карап турушкан. Ар кимиси бир чети жылуу орундан айрылып калуудан, бир чети өз жанынан корккондуктан ошол бойдон эч кимге айтышпаган. Биз келип сураштыра баштаганда да көпкө чейин айткылары келбей, билбейбиз,,көргөн жокпуз деп жатып, тергөөнүн күчүнөн, мыйзамдын кысымынан улам гана окуянын чындыгын айтып беришкен. Кылмыштуулуктун өсүшү ошол жылдары бир гана Бишкек шаарында эле эмес алыскы обулустарда да байкала баштаган. Мисалы мен Нарын ОИИБдин башчысынын орун басары болуп келгенден баштап облустун аймагында бир катар кылмыш иштери болуп, биздин өз убагында жасаган иш аракеттерибиздин аркасында бир топ кылмыш ачылган.  Айсак Нарын облусунун Жумгал районунда көмүр уурдаган эки адамды колго түшүрдүк. Алар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катары милициянын каттоосуна алынган. Шектүүлөр көмүр кенинин өтмө пункттарынан бир дагы документи жок өтүп кетишкен экен. Аларды Токмок шаарынан кармап, кайра Нарынга алып келгенбиз», — деди ал.

Эми сөз учугун каарманыбыздын өмүр жолуна буралы. Данияр Рыскулов Чүй облусунун Кара-Балта шаарында туулуп, Жайыл районунун Бөксө-Жол айылында  балалыгы өткөн. Чоң ата чоң энесинин колунда чонойгон. Аккан арыктан суу агат дегендей чоң атасы 40 жыл башкарма, чоң апасы 45 жыл мугалим болуп эмгектенишкен билимдүү, көптү көрүп, көп эмгектери сиңген кадыр-барктуу адамдардан болушкан. Сосновка айылынан окууну бүтүргөн.  3 бир тууган, эркектердин улуусу.                               

Атасы Рыскулбеков Имразан көп жылдар бою ички иштер органындарында эмгектенген, милициянын полковниги. Атасы жумуш менен жүрүп үйүнө бир жумада бир  келгендиктен чанда көрүп, дайыма сагынып жүрө турган. Атасы үйгө киргенде кинолордон көргөн баатырлардай элестеп, кийимдери, жаркылдаган пагондору укмуш сезилчү. Бала кезден калган таасир анын жүрөгүнө терең уялап эмдигиче ага милициянын формасы көрктүүнүн көрктүүсү, ыйыктын ыйыгындай сезилет. Ошондон улам ал ата жолу менен сапарга чыгып, ата жолун улап келет. Андагы кайраттуулук менен чечкиндүүлүк, убадага бекемдиги атасынан уланган сапаттар болсо, кийим-кечесин таза алып жүрүү, ар  нерсени так жана акырына чыгара жасоо сапаттары апасынан алган тарбия болсо керек.  

Эми каарманыбыз атадан калган эстефетаны улап, өзүнүн уулдарына тапшырып берсем деген аруу тилеги бар. Кудайым анын уучун куру кылбай 2 уул бир кызды тарбиялап өстүрүп келет. “Аталуу бала  ок жонот, энелүү кыз тон бычат” дегендей уулдары тартиптүү, бышык болушуп эмитеден милиционердин уулдары деген атка татыгыдай чоңоюп келе жатышат. Буюрса келечектеги генерал Рыскуловдор,  мурдагы полковник Рыскуловдардын династиясынын жолун улаган азаматтардан чыгат деген үмүт чоң.

Нурлан ЖУКЕЕВ

fakt.kg

Бөлүшүңүз