Илмиянов: «Мага тагылган айыптардын бирин да эч качан мойнума албайм»

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин  мурдагы кеңешчиси Икрамжан Илмиянов өзүнө тагылган айыптардын бирин да мойнуна албайт. Бул тууралуу ал бүгүнкү соттук отурумда билдирди.

Бүгүн Бишкектин Октябрь райондук сотунда өтүп жаткан сот отурумунда Илмиянов  “Мага тагылган айыптардын бары жалган. Мен күнөөлүү  эмесмин. Мага тагылган айыптардын бирин да эч качан мойнума албайм. Сотто көрсөтмө беришкен күбөлөрдүн бирин да тааныбайм, алар да мени таанышпайт. Бир гана Чыныбек Анарбек уулун тааныдым. Аны да партиялаш катары эле билем. Ал Кыргызстан социалөдемократтар партиясынын штабында иштеген. Мени Россияда кармашкан эмес, мен УКМКга өзүм келгем”, — деп билдирди Икрамжан Илмиянов.

fakt.kg

Бөлүшүңүз