Акаев: «Криминал кадимкидей баш көтөрдү. ИИМ алсыз…»

Кыргызстанда криминал кадимкидей баш көтөрдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Депутаттын айтымында, ИИМ криминал менен күрөшүүдө өзүнүн алсыздыгын көрсөтүүдө.

“Өткөн жумада “Мадина” кафесинин ээси мыкаачылык менен өлтүрүлдү. Бул бүтүндөй бизнеске ,ишкерлерге сокку болду. Өкмөт өзүнүн алсыздыгын көрсөтүп жатат. ИИМ криминал менен күрөшө албай жатат. Криминал менен күрөшүүгө, четинен түрмөгө тыкканга акча керекпи? Буга саясый эрк керек. Президент өзү чет өлкөгө барып инвесторлорду чакырып жүрөт. Өкмөт алардын укугун коргой албайт. Бул президентке каршы саботаж”,- деп билдирди депутат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз