“Таштанды аралаган тагдырлар” (ВИДЕО)

Бишкек шаарынын четинде жайгашкан таштанды таштоочу жайдан ондогон адамдар таштанды терип, жан  багып келишет.Алардын көбү таштанды жайдын тегерегине эле катар катар үйлөрдү салып алышкан. Таштандыдан чыккан түтүндөн  уулангандар да кездешпей койбойт.  Мындан чыккан жыт, түтүн, жашоочулардын ден-соолугуна терс таасирин тийгизээри дагы белгилүү. Биздин топ бул  таштандыдагы жашоону чагылдырганга барганында, көпчүлүк адамдар камерадан  тартынышып маек бергенден баш тартышты. Өз тагдырынан  уялбаган, суукка тоңуп, ысыкка күйүп таштандынын үстүндө эмгек кылгандардын бири төрт баланын энеси Чынара Ысаева буларды айтып берди. Ал аталган таштанды таштоочу жайга жакын жерден бир бөлмөнү ижарага алып, балдары менен күн кечирип келет. “Таштанды аралаган тагдырлар” боюнча тартылган видеону биздин “faktkg” ютуб каналдан көрсөңүздөр болот.

Маектешибиз Чынара Ысаеванын турмушуна кайдыгер карабагандар экрандагы номер аркылуу байланышып жардам көрсөтүшсө болот. Телефон номер 0706200179.

fakt.kg

Бөлүшүңүз