КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева Ички иштер министрлигинин тергөө башкармалыгында 5 саат сурак берди. Бул тууралуу  Жолдубаеванын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, сурак эртең 10-октябрда да уланат. Ал эртең камакка алынышы мүмкүн.

Эскете кетсек, Кылычев Кундуз Жолдубаевага, Мээрбек Мискенбаевге, Канат Сагымбаевге, Амантур Жамгырчиевге каршы көрсөтмө берген. Анын айтымында, аталган адамдар массалык башаламандыкты уюштуруп, адамдарды барымтага алышкан.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз