Бүгүн, 9-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов жол эрежесин бузгандардын айып пулунун төмөндөшүнө каршы экенин билдирди.

 “Айрым категориядагы айып пулдардын өлчөмү 3 миӊ сомдон 1 миӊ сомго чейин азайтылып жатыптыр. Аны ыгы жок азайта берүүнүн зыяндуу жактары да  бар, муну дагы эстен чыгарбаш керек. Башкы максат айып пулду азайтуу эмес, жол коопсуздугун камсыз кылуу болуп саналат. Жолдо жүрүү эрежелерин одоно бузган адамдар ошого жараша айыбын тартышы зарыл. Ошондо тартип болот”, — деди  эл өкүлү.

fakt.kg

Бөлүшүңүз