Депутат Мирлан Жээнчороев катасын мойнуна алды

Парламенттин экс-спикерлеринен турган кеңеш шайлоодогу 9 % босогону 5% чейин түшүрүүнү сунуштаган. Мурдагы төрагалар азыркы босого көптөгөн партияларды саясаттан четтетип, бийликке келүүсүнө тоскоолдук жаратып жатат дешет. Бул туурасында FAKT.KG  Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороевге кайрылды.

  “2016-жылы шайлоо мыйзамдарынын долбоорлорун карап жатканда топ болуп иштегенбиз. Ошондо Президенттик администрация, Жогорку Кеңеш, фракциялар болуп талкуулаганда  9 % босогону сунушта болгон. Сунуштун демилгечисинин арасында мен дагы болгом. Мен ойлойм бул чоң ката болгон. Биз өкмөт, парламент  туруктуу болсун, 200 партия чачыранды болбой жалпы чоң мамлекеттик машстабдагы  бекем позициялуу партия болсун деген жакшы максатта кылганбыз. Азыркы болуп жаткан жана 2014-2017-жылдын процесстеринин көрсөткөнүнө караганда бул маселе жаңылыштуу болгон. Биз парламентке пайызды  5 же 7 % чейин төмөндөтүшүбүз керек. Биз баардык саясий күчтөргө, саясий көз караштарга парламенттин аянтын камсыз кылып беришибиз шарт. Анткени ар кандай ойлор бул демократиянын өнүгүшүнө алып келет жана бир бийлик бутагын бийликти  монополдоштурууга бөгөт коет.” – дейт, депутат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз