22 жаштагы жаран дүкөндү тоноого бычак менен кирген

Бишкекте тоноочулукка шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ШИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 5-октябрында Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө  Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал өз арызында  медициналык беткап кийген белгисиз жаран арыз ээсинин дүкөнүнө кирип, бычак менен коркутуп кассадан акча алууга аракет кылгандыгын билдирген.

Кылмышка шектүү катары 1997-жылы туулган Т.Э аттуу жаран кармалды. Кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешеси барбы же жокпу текшерилүүдө.

fakt.kg

Бөлүшүңүз