“Фасоль” тамдын үстүнө жаайбы? Төраганы туура эмес түшүнгөндөр (Видео)

 Бүгүн Жогорку кеңештин жалпы жыйынында төрага Дастан Жумабеков турак жайларды камсыздандыруу боюнча талкууда “Тобурчак жаап, шиферлерди сындырып кетсе эмне болот”- деген.

Тобурчак дегенинен кээ бир адамдар башкача түшүнүп калып, тобурчакты төөбуурчак (фасоль) менен алмаштырып шылдыңдап жатышат.Талас элинин диалектиси боюнча тобурчак бул мөндүр дегенди түшүндүрөт.

fakt.kg

Бөлүшүңүз