Кундуз Жолдубаева камакка алынабы…

КСДП төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны бүгүн саат 12:00гө суракка чакырышты. Бул тууралуу Жолдубаева Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Криминалдык милиция бүгүн саат 12:00гө суракка чакырган кагаз алып келиптир. Бирок ага карабай, тез арада Башкы тергөө башкармалыгына баруумду талап кылып жатышат. Анда чакыруу кагазынын эмне кереги бар?», -дейт КСДП мүчөсү.  

Эскете кетсек, Кылычев Кундуз Жолдубаевага, Мээрбек Мискенбаевге, Канат Саыгымьаевге, Амантур Жамгырчиевге каршы көрсөтмө берген. Анын айтымында, аталган адамдар массалык башаламандыкты уюштуруп, адамдарды барымтага алышкан.

fakt.kg

Бөлүшүңүз