ИИМ: Мамбеталиев ИИМ кызматкерлерин автоунаа берген эмес

8-октябрь күнү А.Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы Э.Мамбеталиев интернет түйүндөрүндө эки джип үлгүсүндөгү автоунаасын Баткен облусундагы ички иштер органдарынын кызматкерлерине тапшырды деген чындыкка дал келбеген маалыматтар тарады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.


Кече, 2019-жылдын 7-октябрь күнү саат 18дер чамасында Баткен облусунун Кадамжай районунда милиция кызматкерлери тарабынан Э.Мамбеталиевке тиешелүү болгон «CHEVPOLET-SUBURBAN» үлгүсүндөгү мамлекеттик номери 09KS822AAI, 09KS820AAI болгон эки автоунаа токтотулган. Азыркы күндө Кадамжай РИИБнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы автоунаалар текшерилип жатат.

fakt.kg

Бөлүшүңүз