Бир жигит эки кызга үйлөнгөнү такталды

Социалдык тармакта бир жигит эки кызга үйлөндү деген маалымат тараган. Айрым маалымат булактары үйлөнгөн жаран кытай деп да жазышкан. Видео тартылган ресторандын арт-директору бул маалымат жалган экендигин билдирди. Анын айтымында, ресторан ижарага алынып тамашалуу ролик тартылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда эки аял алууга мыйзам жол бербейт.

fakt.kg

Бөлүшүңүз