Бишкекте 11 жашар баланы «Арак сатып бер» деп коркуткандар кармалды

Бишкекте жаш баланы “арак алып бересиң” деп жаш баланы бычак менен коркуткан жарандар кармалды. Бул тууралуу ШИИББнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Бишкек шаарыны тургуну кайрылган. Ал өз арызында  Масалиев -Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Глобус” дүкөнүнүн жанынан эки белгисиз адам арыз ээсинин 11 жашар баласын бычак менен коркуткандыгын билдирген. Алар баладан арак алып берүүнү талап кылышкан.

Кылмыш иши козголуп, тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган С.Н жана 1999-жылы туулган Н.Д кармалышкан. Алар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

fakt.kg

Бөлүшүңүз