Кыргызстанда унаалар үчүн эки жол белгиси пайда болду

Кыргызстанда унаалар үчүн эки жол белгиси пайда болду. «Үйрөнчүк айдоочу» жана «Таксомотор». Бул тууралуу өкмөттүн токтомуна Премьер-министр кол койду.

Жаңы белгилер чет мамлекеттерде апробациядан өтүп, жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо жаатында жакшы жыйынтык көрсөткөн.

«Таксомотор» белгиси такси кызматтарын тартипке келтирет. Белги ак-кара түстөгү көп квадраттан туруп, шахматтык негизде жайгаштырылат. Аны унаанын кузовуна же шашкасына чаптап койсо болот.

Ал эми, экинчи белги «Үйрөнчүк айдоочу» сары квадраттын ичине кара түстөгү илеп коюлган белги. Бул белги тажрыйбасы эки жылга жетпеген айдоочуларга берилет.

fakt.kg

Бөлүшүңүз