Талант Анарбаев: “Бабановдун намаз окуганын көрүп калдым…”

Куудул жана пародист Талант Анарбаевдин мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевге “Балкончик көзүмө көрүнө бербечи, соц. тармактардан чыгып. Атаңдын күнөөсү тоодой, элден кечирим сурагандын ордуна бет тырмоочулук кыласың да. Сен убара болбо! Кийинки муун сага окшогон эки жүздүүлөрдү саясаттан көргүсү келбейт. Эс ал братишка! Атаң 2 млрд $ төксүн казынага» жазган пикири интернет айдыңында кызуу талкуу болгон. Кээ бирлери туура айтты десе, көпчүлүгү атасынын кылганы үчүн баласы жооп бербээрин билдиришкен.

Бул тууралуу FAKT.KG  Талант Анарбаев менен маек курду.

-Сиздин оюңуз боюнча атасы үчүн баласы жооп бериш керекби? Баласы атасын коргобошу керек беле?Сиз атаңыз менен мамилеңиз кандай?

-Эми өзүн өзү пиар кылып эмне кереги бар деп эле айткым келген.Атасы туура эмес иштерди жасаганда “Ата муну кылбаңыз”- деп  айтпаса керек .Мүмкүн жаштык кылгандыр, бирок кийинки муундан Кадырды саясатчы катары көргүм келбейт. Себеби кичинекей кезинен баштап суукка тонгон, нандын каяктан келгендигин билген үй-бүлөнүн баласы эмес да ал. Мен атамды сыйлайм, азыр атам мени менен турат. Атам менен мамилем жакшы.

-Бизге эмне кызыгы бар? Кадыр чыгып кетти. Бабан кетти кайра келди..элге 1 тыйын туурабы деп фейсбуктан пост жаздыңыз? Бирок президенттик шайлоо учурунда Бабановго иштебедиңиз беле?Же Бабанов  сизди таарынтып койдубу?

-Бабанов чыгып кетти, кайрадан келди бул коомго эмне кызыгы бар дейм. Ооба, учурунда Бабанов менен иштешкем, колдоп жүргөнмүн, Иштеп берген тыйынымды толук алгам. Бийлик тараптан дагы сунуш келген . Жарымына келгенде  Бабановдон  кетип калсаң, мынча тыйын беребиз дешкен. Мен саясатчы болбосом дагы аягына чейин иштеп берип, кеткен эмесмин. Аябай ыраазы болгон. Бирок кийин чыгып кетип 1 жылдан ашык жүрүп келгенинде анчалык ичим жылыган жок. Ал адамдын көп учурда акылы жетпейт экен. Мен анын өзүнүн бетине деле айтам. Бирок акчаны жакшы табышы мүмкүн. Бир эки жолу намаз окуп жатканын көрүп калдым. Аллааны таанып калганбы деп сүйүнүп жатам. Биз эми алардын ойлорун билип калбадыкбы эптеп бийликке жетүү үчүн да. Мен пикиримди ачык эле айтам. Кээ бирлерге окшошуп, фейк баракча ачып алып жазган жокмун да.

fakt.kg

Бөлүшүңүз