Мугалимин кызганган Момбеков кимдин автоунаасын алма менен урган…

  Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнүн белгилешет. Бул майрам 1994-жылы негизделген.  Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков FAKT.KG  менен окуучулук күндөрүнө байланыштуу эсте калган учурларын жана эскерүүлөрүн   менен    бөлүштү.

 “Мен Шекер орто мектебинде окудум. “А” деген арипти үйрөткөн биринчи мугалим Жамалбек Кожомкулов болду. Бирок, ал агай бизди 2 эле ай окутуп калды. Анткени кырсыктап каза болуп калган. Кыскасы 1- класста төрт эже окутту. Мен мектеп босогосун аттагандан бери эле тентек болчумун. Бирок, ушунчалык тентек болсом дагы эмнегедир  эже-агайлар мени жакшы көрүшчү. Же уюштуруучулук жактан активдүү болгонумабы..? Айтор, бизде мугалимдердин көбү сырттан келчү, кошуна айылдардан же райондордон. Алардын баардыгы турак жайы жок болгондугуна байланыштуу, жалгыз бой аялдардын үйүндө же батирлеп жашачу. Мен алардын үйүнө барып отун жарып берип, кыш айларында суу ташып берип турчумун. Ал эми улгайып калган мугалимдерге балдар болуп чогулуп. “Тимур жана анын командасын” уюштуруп, кээ бирлеринин чөбүн жыйып берип картошкасын казып берип жардам берчүбүз.

Бир нерсеге бүгүнкү күнгө чейин күлкүм келет. Бир күнү классташтар менен кинодон келе жатканбыз. Биздин класс жетекчибиздин үйүнүн алдында ак түстөгү жигули токтоп туруптур. Ал эжебиз аябай сулуу болчу. Акырын жанынан өтүп бара жатсак, биздин эже менен чоочун жигит сүйлөшүп туруптур. Биз көрүп алып  аябай ичибиз  ачышкан. Анткени буга чейинки  жаңы келген эжелерибиз баары эле күйөөгө тийип кетчү. Биздин ичибиз ачышканы ошол, эгер бул эжени ала качып кетсе, бизге башка эже келип калат. Андыктан ала качууга жол бербейли, эми эмне кылабыз деп, балдар менен үйгө барып огороддон алмаларды жыйнап келдик. Баягы жигулинин жанына келип, алмалар менен машинасын ура баштадык. Анан ал жигит машинасын жүргүзүп эжени салып кетип калды.

 Ошентип эртеси күнү сабакка келдик. Эжекебиз кирип келип баарыбызды карап чыгып кетти. Бирок мени өзгөчө карады. Анткени эжем менен менин үйүм жакын болчу. Ушул эле уюштурду дегенсип карады. Бирок мен ошол кезде кызарып өзүм эле билдирип койсом керек. Анткени сабактан кийин мени алып калып, окуяны айт деп баштады. «Эмне үчүн алма менен машинаны урасын? Ал эми Кировкага барып, милицияга барат, анан силерди колонияга алып кетет» деп коркута баштады. Ким баштады, ким уюштурду дегенинен, мен баштадым деп жооп бердим. Эмнеге деп суроо бергенинде, сизди ала качып кетеби деп эле ичибиз ачышкан деп жооп бергенимди айткам. Анан мени карап күлүп жиберди.

Бирок кийин жолугуп калганда дагы күлгөн. Окуучулук кезде эле кызганчу элең, башка балдардан айырмаланып, эли-жериңе күйгөн, мекенчил бала болчусуң деп. Акыры ошентип жүрүп саясат да дагы өжөрлүгүң менен жүргөндүгүмдү айткан” ,-деп депутат окуучулук күндөрүн жылуулук сезимдер менен эстеди.

fakt.kg

Бөлүшүңүз