Алтынай Өмүрбекова: «30% айлык мугалимдердин саатына жараша берилет»

1-октябрдан тарта билим берүү тармагындагы 120 миң кызматкердин маянасы 30 пайызга көтөрүлгөн.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Билим берүү системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна кол коюп, бул маселени ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрдү. Каражат кайсы булактардан табылганын FAKT.KG   вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековага кайрылды.

 “Булактар аныкталып табылды. Ошол себептен 1млрд. 700 млн. сом үч айга, 2019-жылдын бюджетине каралды. 2020-жылдын бюджетин учурда контролдук цифралар каралып жатканда калган 7 млрдга жакын каражат бар экени тастыкталды. Бул каржы министринин иши болчу, алар ушундай маалымат беришти. Ал сумма бүгүнкү күндө бюджетте каралды. Мен ойлойм мугалимдердин айлыктары боюнча эч кандай коркунуч каражат булактары деген жок. Биз ойлоп жатабыз, бул биринчиден жакшы кадам. Экинчиден,   айлык 30% га көбөйсө аз да болсо мугалимдерибизге жардам. Бул 30% айлык мугалимдердин саатына жараша берилет. Бүгүнкү система ушундай каралган.”- деди вице-премьер-министр.

fakt.kg

Бөлүшүңүз