Депутат: «Өкмөт биздин келечегибизди ойлобосо отставкага кетсин»

Чек ара боюнча Жогорку Кеңеште  ондон ашык  токтом кабыл алынган. Бирок  ал токтомдордун аткарылышын карап көрсөң, өкмөт тараптан бир дагы токтом аткарылган эмес , ошолордун кесепетинен бул чыр чатак чыгып жатканын FAKT.KGге депутат Максат Сабиров билдирди.

“Бул маселе Жогорку Кеңештин 5-6-чакырылышында  дагы көтөрүлгөн. Күндөн күнгө курчуп келе жатат. Биз эгерде 400 км ден ашык жерибизди тактамайынча, ошол жерге барып мамы какмайынча,зым тосмойунча  бул иш токтобойт. Ал үчүн биз өкмөткө  мурдатан эле баардык  трансформация боюнча  үйлөрдү салуу, ал жактагы налогдорду азайтуу, ушундай токтомдордун баарын бергенбиз. Бирок тилеке каршы өкмөт алмашкан сайын алмашып жатат. Эгерде  биз чек араны биринчи жасай албасак, чек арабызды билбесек, мамлекеттин канча мүлкү бар экенин дагы айта албасак, биз анан кантип эгемендүү мамлекет болобуз.  Биз эгемендүүлүгүбүздү сактап калабыз десек, анда сөзсүз түрдө чек араларды тактап маселерди чечишибиз керек. Эгерде өкмөт иштебесе, биздин келечегибизди ойлобосо, анда сөзсүз түрдө отставкага кетсин.”-дейт депутат.

Fakt.kg

Бөлүшүңүз